Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатынан коло медаль тагынды.
Аталган мелдеш Македониянын борбор калаасы Скопьеде өтүп жатат. Ардагерлер беш салмак категориясы боюнча күч сынашууда. Турганбаев 78 килограммга чейинки салмакта чыккан. Чейрек финалда россиялык Владислав Егоровду таза жеңиш менен утса, жарым финалда Франциянын Герарда Россо Санторо аттуу балбанына 6:0 эсебинде жеңилип калган.
Мелис Турганбаев ушуну менен үчүнчү ирет дүйнө чемпионатына катышып, эки байгеге ээ болуп отурат. Ал мурдагы жылы коло алса былтыр алдыңкы орундарга жеткен эмес.
Дүйнө чемпионатында өлкө намысын төрт ардагер балбан коргойт. Алар Кубан Эркимбеков (70 кг), Чынарбек Изабеков (100 кг) жана Талант Бегалиев (70 кг). Спортчуларды машыктыруучулар Сүймөнкул Табалды уулу менен Мейрамбек Ахметов коштоп жүрмөкчү.