Эр эңишке түшкөн аял атаандашын аттан оодара тартты. Балбандардын видеосу

Эр эңиш эркектерге гана таандык оюн десеңиз жаңылышасыз. Ат үстүндө кармашкан аялдар социалдык тармактын колдонучуларынын көңүлүн буруп, таң калтырууда.
Sputnik

Кадрдан кең жайыкта тору жана жээрде ат минген аялдар эңишке түшүп жатканын көрүүгө болот. Алар эки мүнөткө чукул эрегишип турган. Бул учурда тегерегиндеги атчан жана жөө кишилер "тарт, багынба, бул спорт" деп сүрөп жатканын көрүүгө болот. Аягында жээрде ат минген аял атаандашын ээрден оодарып, жерге жыккан.

Тикесинен тура калып каршысындагы балбанды чапчыган ат. Окуянын чоо-жайы
Бул видео социалдык тарамактарга жарыяланып аны көргөндөр таң калуу менен талкуулап жатат. Кээ бирлер ат үстүндө тайманбастан алышкандарына баа берсе, экинчилери тескерисинче, аял затына мындай оюн жарашпай турганын белгилөөдө. Дагы башкасы ээрден оодарылган аялдын абалына тынчсызданууда.

Аялдардын эр эңиши Кыргызстандын кайсы жеринде болгону белгисиз.

Эр эңиш — кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири. Анда эрендер ат үстүндө кармашат. Оюн тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.