БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров рекультивация боюнча Centerra компаниясынын акчасы Кыргызстанга дагы деле келе электигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Депутаттар учурда "Жер казынасы жөнүндө" КР мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын бириктирилген долбоорун карап жатат.
Эл өкүлү Акылбек Жапаров төрага Дастан Жумабековго бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, карап берүүсүн суранды.
"Ушуну спикер катары жеке көзөмөлгө алып бербесеңиз, депутат катары колдон келбей калды. Үч жылдан бери үч премьерге айтып жатып чарчадым. Рекультивацияга деген каражат — бул биздин акча. Ал эл аралык банкта жатат", — деди депутат.
Жапаров ошондой эле бийликке келген ар бир спикер, премьер, президент ушул акчаны Кыргызстанга алып келем деп сөз бергени менен жыйынтык жок экенин айтты.
Өз кезегинде төрага Дастан Жумабеков протоколдук тапшырма алышканын жана анын үстүндө иш жүрөрүн айтып сөз берди.
Депутат Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына сөз 30 миллион доллардын айланасындагы акча тууралуу болуп жатканын белгиледи.
Жапаров ошондой эле рекультивация үчүн деп чогултулуп жаткан акча кайсы банкта топтолуп жатканын так билбей турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, КР өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча келишимге кол койгон. Анын алкагында канадалык инвесторлор Жаратылышты өнүктүрүү фондун түзүүгө милдеттенме алышкан (50 миллион доллар), андан сырткары, жыл сайын экологиялык төлөмдөр үчүн 310 миң доллардан тарта 3 миллион долларга чейин которуп турушмак. Ошондой эле рекультивация фонду менен республиканын финансылык мекемелерине жыл сайын 6 миллион доллардан котормок. Келишим боюнча онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүүчү фонд түзүү (10 миллион доллар) жана эл аралык АМЕС аудит компаниясынын сунуштарын толук ишке ашырмак.