Улгайган кишини чаап-тепкен айдоочу: кылганыма өкүнөм, бирок өзү ошого жеткирди

"Мега Комфорт" соода борборуна жакын жердеги машина токтотуучу жайда иштеген улгайган кишини чаап-тээп жиберген айдоочунун видеосу социалдык тармакка тарады. Тасма 25-сентябрда саат 15:00дөр чамасында тартып алынган.
Sputnik

Бишкек ШИИБдин кызматкерлери айдоочуну кармап, ал көрсөтмө берди. Анын айтымында, машина токтотуучу жайда иштеген киши өзү айдоочуну сөгүп, машинасын тээп салган.

"Кечээ кызым сыркоолоп калып, маанай жок абалда поликлиникадан келе жаткам. Машина токтотуучу жайда иштеген киши "сен токтоп тур, мен бул жактан башка машинаны чыгарып жиберейин" деди. Мен шашып баратам десем, капталдан чыгып туруп машинаны тээп салды. Машинадан чыгып "эй, байке эмне кылып жатасыз" десем, жанын жеп "эй, эшек сен менин бутумду тебелеп салдың" деп калп айтты. Жиним келди", — деди айдоочу.

Ал ошондой эле, анын жанына барганга чейин дагы сөгүнгөнүн айтып, мындан улам кармана албай чаап-тээп жибергенин айтты.

Депутат журналистти "келесоо" дей алабы? Эл өкүлдөрүнүн пикири
Көрсөтмө берген айдоочу улуу кишиге кол көтөргөнү үчүн өкүнөрүн, бирок улгайган киши өзү ошого жеткирип койгонун кошумчалап, эгер калп айтып, аны сөкпөсө мындайга бармак эместигин билдирди.

Факты Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тийиштүү экспертиза дайындалды. 

Белгилей кетсек, 25-сентябрда саат 15:00дөр чамасында "Мега Комфорт" соода борборуна жакын жердеги машина токтотуучу жайда иштеген улгайган кишини чаап-тээп жиберген айдоочунун видеосу социалдык тармакка тарап кеткен.

Видеодо айдоочу мамлекеттик номери N1111B автоунаадан чыкканын көрүүгө болот.