Шаардык сот Райым Матраимовдун иши боюнча өкмөттүн апелляциялык арызын карады

Биринчи Май райондук соту Матраимовдун доосун канаттандырган, бирок өкмөт бул чечимге макул эместигин билдирип жогорку инстанцияга даттанган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-cен. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун доосу боюнча өкмөттүн апелляциялык арызын карады. Бул туурасында Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык экс-бажычынын иши боюнча бүгүн, 26-сентябрда биринчи сот отуруму болуп, материалдардын жетишсиздигине байланыштуу кийинки айга жылдырылган.

"Райым Матраимовдун иши боюнча Шаардык сотто бүгүн биринчи отурум болду. Тийиштүү документтердин жетишсиздигинен улам 30-октябрга жылдырылды", — деп айтылат маалыматта.

Жибердим. Албадым! Матраимовду актаган соттун өкүмү кайда калганы белгисиз
Эскерте кетсек, Райым Матраимов өткөн жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары "ишенимден чыкты" деген жүйө менен аны кызматтан алган. Кийин Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов "негизсиз иштен алынганын" айтып, өкмөттү сотко берген. Ал соттон кайра мурунку кызматына турууну суранган болчу.

25-июлда Биринчи Май райондук соту Матраимовдун доосун канааттандырган. Бирок өкмөт соттун чечими менен макул эместигин билдирип жогорку инстанцияга даттанган.