Мамытов депутат чет элдин жараны экени тууралуу маалыматты ким бергенин айтты

Буга чейин Токон Мамытов эл өкүлү Бахадыр Сулейманов башка мамлекеттин жараны экенин тастыктай турчу документтер Башкы прокуратура менен ИИМге жиберилгенин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Акыйкатчылыкка талапкер болгон Токон Мамытов Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, депутат Бахадыр Сулейманов чет элдин жараны экени тууралуу маалыматтарды ким алып келип бергенин айтты.

Белгилей кетсек, Мамытов бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов башка мамлекеттин жараны экенин тастыктаган документтерди Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдарына бергенин айткан болчу.

"Маалыматтарды мен топтогон жокмун. Аны чогултканга бир дагы кыргыздын тиешеси жок. Кыргызстандагы этникалык дунгандар уюмунун мүчөлөрү маалыматтарды мага алып келип тапшырышкан. Албетте мен аны укук коргоо органдарына жиберүүгө милдеттүүмүн. Мен ага жооп берем", — деди Мамытов.

Ал ошондой эле Казакстандын ИИМинин түзмүнөн келген кат ошол маалыматтарды тастыктай турганын кошумчалады.