Өзгөчө түстүү асыл таш аукционго коюлуп, 50 миллион долларга бааланат

Башка жакта кездешпеген өзгөчө түстөгү таш орто эсеп менен 30-50 миллион долларга бааланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Christie's аукциондук үйү өз тарыхында Pink Legacy деп аталган ири көлөмдөгү баалуу бриллиантты сатыкка чыгарат. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди. 

Мындай болгон эмес! Леонардо да Винчи тарткан сүрөт аукциондо рекорд койду
Таштын кырлары тик бурчтуу келип, салмагы 18,96 карат (асыл таштардын салмагын өлчөө бирдиги. 1 карат — 0,2 граммга барабар). Ал эми наркы орто эсеп менен 30-50 миллион долларга бааланууда. Топ лоттордун катарына кирген аукцион 13-октябрда Женевада өтөт.

Эксперттердин маалыматы боюнча башка аналогу жок бриллиант, америкалык физик-теоретик, профессор Роберт Оппенгеймердин үй-бүлөсүнө таандык.

"Мындай уникалдуу таштын сатыкка чыгышы өзгөчө таштарды сүйүп, баалагандардын катуу кызыгуусун жаратты. Аукционго чейин эл аралык турне уюштурулат", — деп айткан Эл аралык зер буюмдар департаментинин башчысы Рауль Кадакия.

Маалыматка караганда, адатта мындай кооз түстөгү таштардын салмагы бир караттан ашык болбойт. Pink Legacy бриллиантынын дагы бир өзгөчөлүгү — тазалыгында.