БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Канададагы Гуэлф ветеринардык колледжинин изилдөөчүлөрү мээ шишигине кабылган итти аман алып калуу үчүн 3D-принтерди колдонушту. Бул тууралуу life.ru сайты жазды.
Такса породасындагы Патчес аттуу иттин мээси шишип, алманын көлөмүндөй болуп калганда кожоюну ветеринарларга кайрылган.
Адистер жаныбарды текшерип көрүп, мээдеги шишик баш сөөктүн 70 пайызын жараксыз кылып койгонун аныкташкан. Жыйынтыгында дарыгерлер иттин баш сөөгүнүн жарабай калган бөлүгүн 3D-принтерде титандан басып чыгышты.
Бир нече саатка созулган операция ийгиликтүү аяктап, Патчес өзүнө келгенден кийин жарым сааттын ичинде басып кетти.