БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) версиясына ылайык, Хорватия курама командасынын капитаны жана "Реал Мадрид" курама командасынын жарым коргоочусу Лука Модрич жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу Р-Спорт маалымдады.
Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты Лондондо өттү. 33 жаштагы Модрич менен катар финалдык үчилтикке Англиянын "Ливерпуль" командасынын чабуулчусу, египеттик Мохаммед Салах жана Италиянын "Ювентус" футбол клубунун чабуулчусу, португалиялык Криштиану Роналду илинген.
Жарым коргоочу "падышалык" клубга 2012-жылы кирип, андан бери ал Испаниянын чемпиону жана Испания кубогунун ээси аталган. Төрт жолу чемпиондор лигасын утуп алган.
Ал эми Мохаммед Салах футбол федерациясынын версиясы боюнча эң кооз гол киргизгендиги үчүн Ференц Пушкаш атындагы сыйлыктын ээси болду.
Салахтын Англия чемпионатында "Эвертондун" дарбазасына киргизген тобу 2018-жылдын эң кооз голу болду.