Нарынбеков: кылкандуу дан эгиндери дээрлик жыйналып бүттү

Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин талаачылыкты, үрөнчүлүктү жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Адилет Нарынбеков республика боюнча өстүрүлгөн буудайдын 97,2 пайызы жыйналып бүткөнүн айтты.
Sputnik
Нарынбеков: кылкандуу дан эгиндери дээрлик жыйналып бүттү

Бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Адилет Нарынбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул жылы республика боюнча 254,3 миң гектар жерге буудай эгилген.

"Азыркы күндө кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери Ысык-Көл менен Суусамыр өрөөнүнөн башка аймактарда аяктады. Бул жылы республика боюнча 254,3 миң гектар жерге буудай эгилип, анын 97,2 пайызы жыйналып бүттү. Былтыркы жылга салыштырмалуу 0,6 центнерге жогору түшүм алынды. Негизи малдын башы көбөйүп жаткандыктан тоют өсүмдүктөрүнө болгон суроо-талап өсүүдө. Бул себептен арпа, жүгөрү эгилген аянттар кеңейип баратат. Ал эми арпанын болсо 96 пайызы жайналып, 4 пайызы оруп-жыйноо алдында турат", — деди Нарынбеков.

Ал дыйкандардын көпчүлүгү сертификаттары бар үрөндөрдү эккендиктен, жакшы түшүм алып жатканын кошумчалады.