Интерпол издеген өзгөчө коркунучтуу кылмышкер Бишкектен кармалды

Учурда ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилип, издеп жаткан тарапка маалымат берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. КР ИИМинин криминалдык милициясы эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү, Казакстанда туулуп-өсүп, өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Укук коргоо органдарына аталган жаран Кыргызстандын аймагында жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында ал 22-сентябрь күнү Бишкекте кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Кара-Балтада 4 килограммдан ашык баңгизат алып бара жаткан айдоочу кармалды
Чет элдик жаран өзгөчө мыкаачылык менен кылмыш жасаган эл аралык топтун 39 жаштагы мүчөсү Мурат Ниязов экени белгилүү болду. Ага Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан 2015-жылы издөө жарыяланган. Мекенинде сыртынан 12 жылга эркинен ажыратылган.

Учурда ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайында, издеп жаткан тарапка маалымат берилди.