Астанада журналистти өз үйүнүн подъездинен өлтүрүп кетишти

Казакстандык журналисттин артында төрт баласы калды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Астанада журналист Ирина Бекетованы өзү жашаган үйдүн подъездинен өлтүрүп кетишти. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жергиликтүү полицияга таянуу менен билдирди.

 

Каргашалуу окуя тууралуу маркумдун кесиптеши, журналист Любовь Подоляк Facebook баракчасына жазган. 

"Экөөбүз тең бир окуу жайды бүтүрүп көп жылдар бою темир жол тармагында иштедик. Ал мыкты эне жана шыктуу журналист болчу. Өткөн жумада жумушун алмаштырганын уккам, дем алыш күндөрү ага телефон чалайын деп жаткан элем. Мен анын гүлдөп турган жаш курагында арабыздан кеткенине, төрт баласы энесиз калганына, өз шаарыбызда корголбой жатканыбызга ыйлап жатам", — деп жазган кесиптеши.

Бишкектеги Аскер институтунда 2-курста окуган курсант каза болду
Жергиликтүү полиция журналистти өлтүрүүгө шектелген жарандын өздүгү аныкталып 34 жаштагы Астананын тургуну экенин билдирген. Бирок азырынча ал кармала элек.

Ирина Бекетова 37 жашта болчу. Артында төрт баласы калды. Эң чоң уулу майып. Ал эми кичүү эгиз балдары үч жашка чыккан. Маркумдун кесиптештери аны узатуу зыйнатын өткөрүүгө каражат чогултууда.

Мурдаарак Nur.kz агенттиги Бекетова ушул редкацияда иштеп жатканын маалымдаган.