Окумуштуулар диета кармабай, машыкпай эле арыктоонун ыкмасын айтып беришти

Адамдын мээси дененин эки пайызын гана түзгөнүнө карабай, организмдеги энергиянын 20 пайызын керектейт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар диетасыз жана спорт менен машыкпай эле арыктоонун ыкмасын айтышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты. 

Арак менен тамеки. Окумуштуулар эң кооптуу баңгизатын аныкташты
Окумуштуулардын ырасташынча, адам канчалык көп ойлонсо, ошончолук көп энергия сарпталат. Олбани университетинин адистери адамдын мээси дененин эки пайызын гана түзгөнүнө карабай, организмдеги энергиянын 20 пайызын керектей турганын аныкташкан. Мисалы бир күндө 300 калорийди сарптоо үчүн көнүгүүлөрдү кантип чечүү керектигин ойлонуу гана жетиштүү. Киши ойлонгон учурда бир гана калорий сарптабастан иммунитетти көтөрүп, ден соолукту чыңдай турчу эндорфин заты да иштелип чыгат.