Оюнчук ат минип үйдүн ичин тегеренип көк бөрү ойногон бөбөк соцтармак колдонуучуларын элжиретти. Аталган видео Instagram тармагында көк бөрү оюндарын чагылдырган аккаунттардын бирине жарыяланган.
Кадрда көрүнүп тургандай болжол менен эки-үч жаштагы бөбөк оюнчук атты минип, жерден "улакты" эңип, андан соң такымга баскан бойдон чаап барып тай казанга ыргытат. Анда да жөн эле ыргытып койбой, башы менен "тай казанга" кирип кетчүдөй ыкма жасаганын көрүүгө болот. Баса, ал күнүмдүк турмушта колдонгон дагараны тай казан кылып алган.
Муну көргөндөр бөбөктүн эмитен көк бөрүгө кызыгып ойноп жатканына таң калышып "келечекте мындан мыкты улакчы чыгат" деп сыпатташууда. Наристени белгилүү улакчы Манас Ниязовго окшоштургандар да болду.
Видеону интернетке жүктөгөн баракчанын ээси бөбөк кыргызстандык экенин билдирди.
Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.