Жогорку сотко жаңы төрайым шайланды

Сотторду тандоого Жогорку соттун 33 судьясы катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку соттун төрайымы болуп Гүлбара Калиева шайланды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 22-сентябрда Жогорку соттун төрайымын жана анын орун басарларын шайлоо болуп, сотторду тандоого 33 судья катышкан.

"33 судья тең бир добуштан Гүлбара Калиеванын таларпкерлигин колдошкон", — деп жазылат маалыматта.

Депутат Садыр Жапаровду соттогон судьяны парламентте жарга такады
Ал эми анын орун басарлары болуп Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынан Каныбек Бокоев, жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынан Нургүл Асанова жана административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынан Айнаш Токбаева шайланышкан.

Эске салсак, 21-сентябрда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызматынан кетип, аны аппарат кызматкерлери расмий түрдө узатышкан.