Ысык-Көлдөгү мектептин кампасындагы 80 тонна көмүр күйүп кетти

Учурда өрт эмнеден улам чыкканы такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылындагы мектептин кампасындагы 80 тонна көмүр күйүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда өрт эмнеден улам чыкканы такталып жатат.

Андан сырткары ӨКМдин маалымдашынча, Ысык-Көл районунун Ананьево айылында сарай өрттөнүп, 470 түк чөп, бир тонна арпа жана эмеректер күйгөн. Тилсиз жоо отко этиятсыз мамиле кылуудан чыккан.