Радио

Кабылбек кызы: туура чуркоо ден соолукка абдан пайдалуу

"Күз деми" марафонунун уюштуруучусу Зина Кабылбек кызы чуркоодо биринчи кезекте бут кийимге көңүл буруу керектигин айтты.
Sputnik
Кабылбек кызы: туура чуркоо ден соолукка абдан пайдалуу

Туура чуркоо ден соолукка абдан пайдалуу. Ал дем алуу жана жүрөктүн иштешин жакшыртат. Бул тууралуу Зина Кабылбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чуркоону спорт катары тандап алган адамдарга ачуу жегенге тыюу салынат.

"Туура чуркоо ден соолукка абдан пайдалуу. Жаңыдан чуркап баштагандарга алгач бут кийимди атайын адистештирилген дүкөндөрдөн алуу сунушталат. Бул бутту оорутуп алуудан сактайт. Андан соң тамактануусуна да көңүл буруусу керек. Чылымдан алыс болуп, жашылча-жемиштерди көп жеши талапка ылайык. Ошондой эле ачуу тамактарды көп жебеген жакшы. Алгач, күндө эмес, бир күн эс алып, бир күн чуркаганы туура. Чуркап баштаардын алдында эки саат мурда, жеңил тамактаныш керек. Мисалы жылуу ботко жеп. Эгер өтө узак аралыкка чуркабаса анда жөн гана таттуу чай же банан жесе болот. Ошондой эле кийимдин жеңилин кийүү зарыл", — деди Кабылбек кызы.

Ал жалгыз чуркаганга караганда, дос-курдаштар менен чуркап баштаса көнүп кетүү оңой болоорун кошумчалады.

Эске сала кетсек ушул жылдын 7-октябрында "Күз деми" марафону өткөрүлөт.