Окумуштуулар гаджет баланын окуусуна кандай таасир этерин айтышты

Адистер кандайдыр бир жыйынтыкка келүү үчүн 100гө жакын өспүрүмгө тажрыйба жүргүзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Москва мамлекеттик психология жана педагогика университетинин окумуштуулары гаджеттердин балдарга тийгизген таасири тууралуу изилдөө жүргүзүп, аларды колдонуу боюнча жаңы сунуштамаларды беришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бекбоева: гаджеттерди ашыкча колдонуу көздүн көрүүсүн начарлатат
Адистер кандайдыр бир жыйынтыкка келүү үчүн 100гө жакын өспүрүмгө тажрыйба жүргүзгөн. Ал үчүн балдардын теңинин колуна планшет карматып, экинчи жарымына кагаз, калем беришкен. Акырында бирдей эле тапшырманы кагаз менен иштеген балдар бат жана так аткарышкан.

Мындан улам окумуштуулар гаждеттеги программалар аркылуу эмес, өз мээси менен иштеген өспүрүмдөрдүн анализдөөсү жана чечим кабыл алуусу көбүрөөк өрчүйт деген бүтүмгө келишти.

Андыктан окумуштуулар балага телефон, планшеттерди маал-маалы менен гана карматууну сунуштайт. Мисалы 5-6 жаштагы балдарга 10-15 мүнөт жетиштүү.