Элчилик Москвадагы ресторанда ок чыгарган КР жарандары боюнча маалымат берди

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жергиликтүү укук коргоо органдарына окуянын катышуучуларынын ким экенин тактоо үчүн билдирүү жөнөтүп, ишти көзөмөлгө алды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Москвадагы ресторандардын биринде ок чыгарган адам Кыргызстандын жараны экенин КРдин Россиядагы элчилиги жергиликтүү укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва шаарындагы "Ысык-Көл" кафесинин жанында эки кыргызстандык уруша кетишип бири экинчисин көзгө аткан

"Окуя 19-сентябрь күнү саат 7:00дө болгон. Колго түшкөн жаран травматикалык тапанча менен жабырлануучуну көзгө атып жиберген. Ал жерге ыкчам топ барып курал колдонгон адамды кармаган. Ок жеген адам №36 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилип, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, бирок ооруканага жаткырылган эмес", — деп жазылат маалыматта.

Элчилик жергиликтүү укук коргоо органдарына окуянын катышуучуларынын аты-жөнүн тактоо жана кандай чара көрүлгөнү тууралуу маалымат алуу үчүн билдирүү жөнөтүп, ишти көзөмөлгө алды.