Эртең Бишкектин бир катар аймактарында суу болбойт. Тизме

Таза суу эртең менен саат 8:00дөн 20:00гө чейин жок болот.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сент. — Sputnik. Эртең, 23-сентябрда, саат 8:00дөн 20:00гө чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү ишканасы "Атабаев" көмөк-чордонунда оңдоо иштерин жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу Шабдан баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрүнүн жана темир жол линиясынын айланасындагы райондордо таза суу болбойт.

Ишемби күнү Бишкектин 22 көчөсүндө жарык болбойт. Тизме
Мындан сырткары №99 лицейде, "Нур", "Алеша", "Бишкек-Нан", "ДСМ" ишканаларында, "Ак-марал Дизайн сервис" корпорациясында, транспорт башкаруу, Бишкек автоучкомбинат, КыргызАвтоВАЗ, Чүй жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрү", "КТИ Агромаш", "Медиафарм", "Кыргызмедтехника" ишканаларында жана "Дасмия" ресторанында да таза суу өчөт.

Ошондой эле саламаттык сактоо департаментинин автобазасында, "Электротехник" ишканасынын имаратындагы илим жана бизнес эл аралык университетинде, Горький, 1"а" дарегинде жайгашкан типографияда, "Айдан-фарма" жана Технопарк соода борборунда жайгашкан "Автобытсервис" ишканаларында да таза суу убактылуу жок болот.

"Бишкексууканал" ишканасы калаа тургундарынан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды таза суу камдап алууга чакырат.