Вьетнамдын президенти Чан Дай Куанг дүйнө салды

Ал өлкөнү 2016-жылдын апрель айынан бери башкарып келе жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Вьетнамдын президенти Чан Дай Куанг дүйнө салды. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресске таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, президент ооруканада көз жумган. Анын ден соолугу үчүн чет элдик дарыгерлер дагы чакыртылган.

Чан Дай Куанг 1956-жылы 12-октябрда Вьетнамдын Ниньбинь провинциясында туулган. Өлкөнүн ички иштер министрлигинде жана коомдук коопсуздук министрлигинде иштеген. Юридика илимдердин кандидаты илимий наамы бар. 2016-жылдын апрель айынан бери Вьетнамдын президенти болуп турган.