Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов спортчуга калпак, чепкен кийгизип, ийгилик каалады.
Эрболдун апасы маңдайы жарыла кубанып уулун бетинен өөп, бооруна кысты. Ал эми күйөрмандары анын сүрөтү түшүрүлгөн плакаттарды көтөрүп турушту.
Эскерте кетсек, Трнава (Словакия) шаарында жаштар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 17-сентябрда башталган. Кыргызстандык грек-рим күрөшчүлөрү Эрбол Бакиров 63 килограммга чейинки салмакта дүйнө чемпиону болсо,Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта коло медалды багындырды.
Махмудовду да Оштон күйөрмандары жакшы маанай менен тосуп алышты.