Балбан Акжол Махмудовго агалары унаа белек кылды. Сүрөт

Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов коло байге уткан.
Sputnik

ОШ, 21-сен. – Sputnik.Акжол Махмудовдун атасынын бир тууган иниси Шарабидин Махмудов жана анын досу Алмаз Таабалдиев спортчуга BMW үлгүсүндөгү унаа белек кылышты. Бул маалыматты балбан өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады. 

Бронзовый призер Чемпионата мира по спортивной борьбе среди молодежи Акжол Махмудов

Бүгүн, 21-сентябрь күнү Араван районунун Жданов айылында жаңы курулган спорт залдын ачылыш аземи өткөрүлгөн.

"Иш-чара учурунда атамдын бир тууган иниси жана анын досу мага унаа белек кылышты", — деди Махмудов.

Балбан ага колдоо көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов 18-сентябрда коло байгеге ээ болгон. Ага чейин Азия оюндарында күчүн сынап күмүш медаль тагынган.