Мамкаттоо: Кулматов Россиянын жараны болуп туруп кыргыз паспортун алган

Ведомство Кулматовдун жарандыгын эмес, паспортун кайтарууну көздөп жатканы белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаменти Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна буга чейин Кубанычбек Кулматовдун атына берилген (ID жана жалпы жарандык паспорт) паспорттордун мыйзамдуулугун жокко чыгарууну өтүнүп, арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, саясатчыга карата козголгон кылмыш иштин алкагында департамент тарабынан түзүлгөн комиссия, Кулматов 1995-жылы Россиянын жараны болуп туруп мыйзамсыз негизде Кыргызстандын паспортун алганын аныктаган. Комиссия чыгарган тыянак УКМКга жөнөтүлдү.

Ал эми Мамкаттоо сотко КР өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорту жөнүндө" токтомуна, комиссия чыгарган бүтүмгө, ошондой эле УКМК тарабынан берилген материалдарга таянып кайрылган.

"Бул жерде Кулматовду Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу эмес, паспортун кайтаруу тууралуу сөз болуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

УКМК Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССРдин жараны катары алган паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россиянын паспортун алып, ошол өлкөнүн жарандыгына ээ болгонун айткан.

Экс-мэр Кулматовдун жубайын сот залына киргизбей коюшту. Видео
"Кийин 1996-жылдын 26-ноябрында Россиянын жараны болуп туруп өзүнүн СССР учурунда алган документин (жоготуп алдым деген паспортун) колдонуп Кыргызстандан дагы мыйзамсыз негизде паспорт жасатып алган. Документ Биринчи Май райондук паспорттук столдон берилген", — деп билдирген УКМК.

Кулматов коррупция беренеси боюнча да айыпталып, 18-майда кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 5-июнда камакка алынган.

Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган. Коррупциядан тышкары мыйзамсыз түрдө Россия жарандыгын алган деп да айып тагылган.