БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Келе жаткан ишемби, 22-сентябрь Кыргызстанда беш күндүк график менен иштегендер үчүн жумуш күн деп жарыяланды.
Буга август айында жарандар төрт күн катары менен эс алганы себеп. Анда Курман Айт майрамы 21-август, шейшемби күнгө туура келгендиктен 20-август, дүйшөмбү эс алуу деп жарыяланган.
Буга байланыштуу кыргызстандыктар ушул ишембиде толук график менен иштешет.