БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ошто ит тиштеп алган 19 жаштагы жигит кутурма оорусунан каза болду. Аталган маалыматты Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгери Светлана Шерматова тастыктады.
Анын айтымында, маркум Ош шаарындагы Медициналык колледждин стоматология факультетинде 3-курста окуп жаткан.
"Бейтап бизге түшкөндө болжол менен июнь айынын башында эртең менен экзаменге бара жатканда көчөдөн ит колунан тиштеп алганын айткан. Анда териси гана бир аз сыйрылгандыктан жүз аарчы менен аарчып коюп окуусуна кете берген. Ошол бойдон дарыгерлерге кайрылбай каникулга чыкканда туулган жери Баткенге кетип калган", — деди Шерматова.
Андан соң ал жай бою өзүнүн айылында жүрүп, 8-сентябрда Ошко окуусун улантууга келген экен.
Ошондой эле Шерматова маркумдун туугандары да көзөмөлгө алынганын белгилеп, оору адамдан адамга шилекей аркылуу да жугушу мүмкүн экенин кошумчалады.