Депутат Садыр Жапаровду соттогон судьяны парламентте жарга такады

Жаңыл Мамбеталы учурда Бишкек шаардык сотунда судья болуп иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жогорку соттун судьялыгына сунушталган шаардык соттун судьясы Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитети колдоп, ЖКнын жалпы отурумунун кароосуна жөнөттү.

Акыйкатчылыкка фракциялар беш талапкерди сунуштады
Жыйын учурунда депутат Исхак Масалиев Жаңыл Мамбеталыга кайрылып, Садыр Жапаров боюнча кабыл алган өкүмүн эсине салды. Бирок Мамбеталы ал маселе боюнча чечим коллегиялык негизде кабыл алынганын айтты.

Депутат "далилдер жетиштүү болгонбу?" деп суроо салганда, Жаңыл Мамбеталы бул окуя боюнча документтер 5-6 иш болуп бөлүнүп келгенин, сот коллегиясы Садыр Жапаровдун ишин карап, райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырганын белгиледи.

Ал эми Масалиев соттун чечиминде саясат жыттанып жатканы даана көрүнүп турганын айтып, "ушундай өкүм чыгар" деп ким буйрук бергенин сурады. Жаңыл Мамбеталы өз учурунда эч кандай буйрук берилбегенин айтып ишендирди.

"Жеке пикиримде сиз чоң ката кетирдиңиз, убакыт өткөн сайын мындай чечимдердин кайтып келе турган адаты бар, жакшы эмес", — деди депутат.

Өкмөттүн жаңы түзүмү парламентке эки айдын ичинде тааныштырылат
Эл өкүлү ошондой эле Жаңыл Мамбеталынын баласы да учурунда кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтып, ал эмне болгонуна кызыкты. Өз кезегинде Мамбеталы чындап эле 2013-жылы анын уулу Бектур Маматаировго кылмыш иши козголгонун, бирок кылмыштын белгилери далилденбегендиктен Башкы прокуратура ишти кыскартканын айтты.

Белгилей кетсек, 2013-жылы Бектур Маматаиров экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөөчүсү болуп турганда пара талап кылган деген шек менен УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган. Маалыматка ылайык, ал жеке ишкерден кылмыш жоопкерчилигине тартылбайсың деп 6 миң доллар талап кылган. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголгон.