"Тазалыктын" жумушчусуна акча топтолду, бирок операция бекер жасалмай болду

Топтолгон каражаттын бир бөлүгү бейтаптын ден соолугун калбына келтирүүгө, калганы кайрымдуулукка жумшалат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери Жеңишбек Касымов операция жолу менен боор алмаштыруу үчүн Түркияга учуп кетти. Ага керектелип жаткан 16 миң долларды чогултуп беришкен. Бул туурасында аталган ишканынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эки жыл мурун бишкектик хирургдар паразитти алып чыгууга аракет кылышканы менен майнап чыккан эмес, анткени ал кан-тамырларга кирип кеткен. Ага боордун альвеококкозу деген диагноз коюлган. Ошондон бери ал дарынын жардамы менен жашап келет. Үстүбүздөгү жылдын башында Касымовдун боорун алмаштыруу үчүн каражат чогултула баштаган.

"Тазалыктан" билдиришкендей, Түркиядагы элчилик анын операциясына кете турган чыгымдарды өз мойнуна алды. Андыктан топтолгон каражаттын бир бөлүгү анын ден соолугун калыбына келтирүүгө, дары-дармекке, донордун жатаканасына жумшалат. Андан артканы кайрымдуулукка берилет.

Касымов жана анын үй-бүлөсү жардамга кол сунган кайрымдуу адамдарга ызараазычылыгын билдирди. Ал видео Муниципиалдык ишкананын Facebook баракчасына жарыяланган. 

Жеңишбек Касымовдун тагдыры тууралуу кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз.