"Супара" этно комплексинин өрттөн кийинки көрүнүшү. Видео

Өрт саат 06:46да толук өчүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан "Супара" этно комплексинде өрт чыгып, жалын 1000 чарчы метрге жайылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Супара" этно комплексинин өрттөн кийинки көрүнүшү

Ага ылайык, этно комплекте өрт чыкканы тууралуу билдирүү саат 02:05те келип түшкөн. Тилсиз жоо саат 03:24тө чектөөгө алынып, саат 06:46да толук өчүрүлгөн.

"Өрт 1000 чарчы метрге жайылып, жаңы курулуп жаткан имараты жана алты боз үй күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда", — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоонун алдын алууга өрт өчүрүүчү алты бөлүм тартылган. Андан сырткары, милиция кызматкерлери, райондук электр станциясынан бир бригада тартылган.

1 / 5
Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан "Супара" этно комплексинде өрт чыгып, жалын 1000 чарчы метрге жайылган
2 / 5
Этно комплекте өрт чыкканы тууралуу билдирүү саат 02:05те келип түшкөн
3 / 5
Тилсиз жоо саат 03:24тө чектөөгө алынып, саат 06:46да толук өчүрүлгөн
4 / 5
Тилсиз жоонун алдын алууга өрт өчүрүүчү алты бөлүм тартылган
5 / 5
Андан сырткары, милиция кызматкерлери, райондук электр станциясынан бир бригада тартылган.