Темир-тезек эле калыптыр! "Ак-Тилек" базарынын өрттөн кийинки көрүнүшү

Соодагерлердин дээрлик бардыгы насыя алып жан багып жүрүшкөнү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынан чыккан өрттөн улам 15ге чукул контейнер күйүп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнүн башчысы Адис Кыдыкбаев билдирди.

1 / 6
Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынан чыккан өрттөн улам 15ге чукул контейнер күйүп кеткен
2 / 6
Эске салсак, 17-сентябрь түнкү саат 22.35тер чамасында Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарында өрт чыгып, жалын эки сааттан кийин чектөөгө алынган
3 / 6
Кыдыкбаевдин айтымында, өрт түнкү саат 02:10до толугу менен өчүрүлгөн
4 / 6
Өрт өчүрүүгө жалпы төрт өрт өчүрүүчү унаа тартылган
5 / 6
Кырсыктан 15ге чукул контейнер күйгөн
6 / 6
Жергиликтүү кабарчынын маалыматында, азырынча кимдин канча чыгым тартканы жана тилсиз жоонун эмнеден улам келип чыкканы боюнча так маалымат айтыла элек.

Эске салсак, 17-сентябрь түнкү саат 22.35тер чамасында Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарында өрт чыгып, жалын эки сааттан кийин чектөөгө алынган.

Кыдыкбаевдин айтымында, өрт түнкү саат 02:10до толугу менен өчүрүлгөн.

"Өрт өчүрүүгө жалпы төрт өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Кырсыктан 15ге чукул контейнер күйгөн. Базардын өрттөнгөн бөлүгүндө көпчүлүгү тамак-аш саткандар соода кылчу экен", — деди Кыдыкбаев.

"Супара" этно комплексинин өрттөн кийинки көрүнүшү. Видео
Ал эми аталган базардын жеке ишкерлер профсоюзунун төрайымы Атыр Сарыбаеванын маалыматында, негизи 10 соода орду күйгөн, бирок кээ бир орундарда экиден киши иштегендиктен 15ге чукул деп айтылууда.

"Ошол жерде иштегендердин айтымында, өрт электр зымдары тийишип, андан соң баллондор жарылганда күчөп кеткен. Ашканаларга жакын жайгашкан контейнерлердеги товарлар да өрттөнгөн. Бул базарда соода кылгандардын көбү эле аялдар. Дээрлик бардыгы насыя алып жан багып жатышкан. Учурда алар эмне кылаарын билбей жүрүшөт", — деди Сарыбаева.

Кырсык болгон жерге эртең менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев келип ишкерлер менен жолуккан.

Жергиликтүү кабарчынын маалыматында, азырынча кимдин канча чыгым тартканы жана тилсиз жоонун эмнеден улам келип чыкканы боюнча так маалымат айтыла элек.