Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тилсиз жоонун тилин таба албай куурадык го...

Кутман таң замандаш! Жакшы жатып, жай турдуңузбу? Кудай дагы бир таңды насип этип, сиз менен көрүшүп отурабыз!
Sputnik

Соңку күндөрү кечкисин нөөмөттө туруудан да коркуп калдык. Түн бир оокумда шаардагы бир базар же ресторандын өрттөнүшү бат-бат кайталана турган болду. Бул тууралуу маалымат угарың менен жетип барасаң тилсиз жоо менен 7-8 өрт өчүрүүчү унаасы менен барган кызматкерлер кармашып жаткан болот. Алардын да айласы кетип, өчүрө албай жатса башка жакка жайылбасын деп чектөөгө алуу аракетин көрүшөт. "Ош", "Мадина" базарлары жана "Арзу" ресторанынын өрттөнүшү ойлондурбай койбойт. Колуң менен кармап албагандан кийин кырсыкка бирөөнү күнөөлөй да албайсың. Тийиштүү органдар кандай баа берип жатат кабарым жок. Тилсиз жоонун тилин таба албай куурадык го… Айылда чоң ата, чоң энелерибиз алакан жайган сайын "Күтүлбөгөн кырсыктан, караандай дооматтан сак болгула!" деп батасын берчү эле. Анын маанисин эми аңдап отурам.

Эми сөз башынан болсун, түндө Кыргызстандын көрүнүктүү эс алуучу жайларынын бирин "Супара" этно комплексинде өрт чыгып, беш саат дегенде өчүрүшүптүр.

Жалын 1000 чарчы метрге жайылып, жаңы курулуп жаткан имарат менен алты боз үй күйгөн. Кесиптештерим этно комплекстин өрттөн кийинки көрүнүшүн тартып келишти.

"Супара" этно комплексинин өрттөн кийинки көрүнүшү

Андан мурун эле Каракол шаарынын Ак-Тилек базарында өрт чыгып эки сааттан кийин чектөөгө алышкан.

Жаңылыктардан кеп сала турган болсок кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев 62 жашка чыкты. Аны партиялаштары, башкача айтканда КСДПчылар кантип куттуктаганын бул жактан көрө аласыз.

Ал эми бизнесмендер эмнеге туңгуюкка кептелип жатышканын азыркы президент Сооронбай Жээнбековго түшүндүрүштү. Ажо да аларга жооп кылып ишкерлерге тоскоол болуп жаткан жагдайларды жоюу боюнча иш жүргүзүлүп жатканы белгиледи.

Өкмөт жакка баш бага турган болсок, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешке бир айдан бери бош турган министрлик орунга талапкерлерди сунуштады. 

Соңунда өткөн аптада жергебизде жана дүйнөдө болгон кызыктуу жана маанилүү окуялардын сүрөт түрмөгүн көрүп коюңуз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.22 (сатып алуу) жана 69.50 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.20 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кырсыктан оолак болуңуздар!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.