Жалал-Абаддагы диний окуу жайлар казыят тарабынан текшерилди

Казыяттын өкүлдөрү студенттер менен жолугуп жыл аягында сынактар кылдаттык менен уюштурулуп, андан өткөндөр гана сертификат, диплом ала тургандыгын эскертишти.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун казыяты диний окуу жайлардын 2018-2019-жылдагы жаңы окуу жылына карата даярдыгын жеринен текшерди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы мечиттеги азандын үнүнө нааразы болгондор бар. Муфтияттын жообу
Ага ылайык, Сузак районундагы "Имам Аьзам", "Аиша Сиддика", Жалал-Абад шаарындагы "Аз-Захра", "Илим ТАТ" медреселеринин ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынган.

Казыяттын өкүлдөрү студенттер менен жолугуп жыл аягында сынактар кылдаттык менен уюштурулуп, андан өткөндөр гана сертификат, диплом ала тургандыгын эскертишкен.

Ошондой эле казыяттын окуу бөлүм адиси өткөн жылы кетирилген кемчиликтерди жоюп, иш кагаздарды тартиптештирүү зарылдыгын мекеме администрацияларына эскертти.