Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жарым жылаңач кыздын жоругуна түшүнбөй...

Кутман таң! Күркүрөгөн күздүн дагы бир күнү башталды.
Sputnik

Жайында элдин баары эс алып саясат, соцтармак дегендин баары жымжырт боло түшөт. Сентябрь башталды дегиче болбой жашоо кызыгына кирет эмеспи. Интернеттеги быйылкы күзгү сезонду гимнди жаңылып ырдап алган депутат ачып, соцтармак колдонуучуларын күлкүгө салып, кыжырын кайнатып, айтор катуу талкуу болгон. Көп өтпөй түшүнүксүз ыры жана клиби менен интернетте Зере деген кыз пайда болду. Анын клиби интернетти эки жаатка бөлдү көрүнөт, арасында аны колдогондор да чыкты. Курсагы салаңдаган ич кийимчен кыздын ырына да, клибине да жеке менин акылым жеткен жок. Ал мындай жоругу менен коомго эмне айткысы келгенин да аңдай албадым. Азыр соцтармактын "жылдызы" ошол кыз болуп жатат.

Мындан эки-үч жыл мурун эле күз мезгили сөзсүз түрдө митинг, пикет менен коштолчу. Азыр Кудайга шүгүр андайлар аз. Бирок өрт кырсыктары көбөйдү. Ишемби түнү "Мадина" базарында өрт чыгып, ал беш сааттан кийин гана чектөөгө алынган. Маалыматтар боюнча базардын кездемелер сакталган кампасы күйүптүр. Азырынча өрттүн келип чыгыш себеби тактала элек. Кайран соодагерлердин мээнети. 

“Мадина” базарындагы өрт күч алды. Видео

Кечээки жаңылыктарга саресеп салсак, жекшемби күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин лентасына Баткендеги бир кыштактын баяны тууралуу лонгрид жарыяланды. Баса, ал мурдагы президенттин чуулгандуу кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун айылы экен. Макалада кыштактын кендирди кескен көйгөйлөрү баяндалат.

Мындан сырткары апасынын айынан үйлөнө албай жүргөн бойдок жигиттин тагдыры тууралуу окусаңар да болот

Ошондой эле Австрияда жашап Кыргызстандагы кыз-келиндерге тамак жасаганды үйрөткөн Айдай менен баарлашкан кабарчыбыз Эламан Кармышаковдун маегине бир көз чаптырыңыз.

Бир жумага карата аба ырайын да билип алыңыз. Анткени апта аягында күн муздайт экен

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.27 (сатып алуу) жана 69.58(сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы күндөр көп болсун!

Бакыт каалап, Таалайгүл Усенбаева.