Чыгыш-5 кичирайонундагы жолдун убагында ачылбай калган себеби айтылды

Буга чейин оңдоо иштери 15-сентябрда аяктай турганы айтылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунун аймагындагы Чүй проспектисинин жолун оңдоо иштери мажбур болгон тыныгуудан улам 15-сентябрда ачылбай калды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

1 / 2
Бишкектин "Чыгыш-5" кичи районунун аймагындагы Чүй проспектисинин жолун оңдоо иштери мажбур болгон тыныгуудан улам 15-сентябрда ачылбай калды
2 / 2
Учурда асфальт төшөлүп, иш толугу менен 25-сентябрда бүтө турганы маалымдалды.

Буга чейин аталган мекеменин башчысы Нурлан Эшенбаев жолду оңдоо иштери 15-сентябрга чейин аяктай турганын айткан болчу.

Төрөкул Айтматов көчөсү темир жолго чейин асфальтталды. Сүрөт
Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин 7-Апрель менен Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүн оңдоо иштери айрым курулуш материалдардын убагында келбегенинен улам создуктурулган. Өзгөчө битумду алып келүү кечеңдеген.

Учурда асфальт төшөлүп, иш толугу менен 25-сентябрда бүтө турганы маалымдалды.