Милиция шаарды тазалап жатат. Дагы кимдер ишембиликке чыкты. Сүрөт

Көп өлкөлөрөдө жыл сайын Дүйнөлүк тазалык күнү белгиленип, анда бардыгы ишембиликке чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Ички иштер башкармалыгы менен борбор калаанын райондук милиция бөлүмдөрү бүгүн, 15-сентябрда, ишембиликке чыкты. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 6
Бишкек шаарындагы Ички иштер башкармалыгы менен борбор калаанын райондук милиция бөлүмдөрү бүгүн, 15-сентябрда, ишембиликке чыкты
2 / 6
Тартип сакчылардын өздөрүнө тиешелүү аймактарды таштандыдан тазалап, газондорду иретке келтирип, бордюрларды, таштанды челектерин жана тосмолорду сырдоого бир нече саат кеткен
3 / 6
Бүгүнкү ишембиликке борбор калаадагы башка министрлик менен ведомстволордун өкүлдөрү, муниципалдык кызматта иштегендер да чыкты
4 / 6
ӨКМчилер Бишкекте Чоң Чүй каналынын нугун тазаласа, Ош калаасында аталган министрликке караган аймактарды тазалашты
5 / 6
Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери Юлиус Фучик атындагы паркты таштандылардан, желим бөтөлкөлөрдөн арылткан
6 / 6
Андан сырткары, бейтапкана менен ооруканалардын тегерек-четин тазалаган.

Анда бардык бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен жетекчилик курам да шаарды тазалоо иштерине катышкандыгы айтылат.

Таласта 11 кг алтын үчүн жайыт жер жана токой казыла баштады. Башында ким турат?
Тартип сакчылардын өздөрүнө тиешелүү аймактарды таштандыдан тазалап, газондорду иретке келтирип, бордюрларды, таштанды челектерин жана тосмолорду сырдоого бир нече саат кеткен.

Бүгүнкү ишембиликке борбор калаадагы башка министрлик менен ведомстволордун өкүлдөрү, муниципалдык кызматта иштегендер да чыкты.

ӨКМчилер Бишкекте Чоң Чүй каналынын нугун тазаласа, Ош калаасында аталган министрликке караган аймактарды тазалашты. Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери Юлиус Фучик атындагы паркты таштандылардан, желим бөтөлкөлөрдөн арылткан. Андан сырткары, бейтапкана менен ооруканалардын тегерек-четин тазалаган.

Дубандарда да бул демилге колго алынган. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү жана жашоочулар, жаштар да ишембилик өткөргөндүгүн маалымат кызматы социалдык тармакка жарыялады.

Буга кошумча Ош шаарынын күнүнө карата шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси менен массалык ишембилик болуп, ага муниципалитеттин кызматкерлери, шаардагы спортчулар, машыктыруучулар Сулайман-Тоону тазалаган.

Бул күнү ишембиликке президент Сооронбай Жээнбеков жана калаа башчысы Азиз Суракматов да чыкты.