БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстанда акы төлөп жүрүүчү үч трасса ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
Министр мурда айта кеткендей, адегенде акы төлөнүүчү кылып 90 чакырымга созулган Бишкек — Кара-Балта — Чалдовар (Казакстан менен чектешкен аймак) жолун ишке киргизсе болот. План боюнча ал башка жолдор менен кесилишпей, азыркы Бишкек — Кара-Балта тарссасынын “жүгүн” азайтат.
"Экинчиси Өзгөн шаарын айланма жол. Анын узундугу 22 чакырым. Бишкек— Ош жолу шаарды аралап өткөндүктөн, бул жолго дагы күч келтирбейли деп жатабыз. Эки долбоор боюнча тең курулуштун жана жолдо жүрүүнүн акысы азырынча белгисиз”, — деди министр.
Ал кошумчалагандай, келечекте түндүк-түштүк альтернативдүү трассаны дагы акы төлөп жүрүүчү кылып коюу каралууда. Бирок бул үчүн өкмөт менен Жогорку Кеңештин макулдугу керек.