Бишкек мэри Суракматовдун биринчи ишембилиги. Сүрөттөр

Калааны тазалоого жалпысынан төрт миңге чукул адам катышаары айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада Бишкек мэри Азиз Суракматов катышкан ишембилик шаар боюнча өтүп жатат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 5
Бүгүн борбор калаада Бишкек мэри Азиз Суракматов катышкан ишембилик шаар боюнча өтүп жатат
2 / 5
Тазалык иш-чарасына жалпысынан төрт миңге чукул катышаары айтылды
3 / 5
Алар кичи жана орто бизнестин, чарбалык субьектилердин өкүлдөрү экендиги кабарланды
4 / 5
Андан сырткары көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жашоочулары, министрлик менен ведомстволордо, муниципалдык кызматта иштегендер чыгат дешти.
5 / 5
Бишкек мэриясы шаардыктар менен анын конокторун борбор калааны тазалоо иштерине активдүү катышууга чакырды.

Тазалык иш-чарасына жалпысынан төрт миңге чукул катышаары айтылды. Алар кичи жана орто бизнестин, чарбалык субьектилердин өкүлдөрү экендиги кабарланды. Андан сырткары көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жашоочулары, министрлик менен ведомстволордо, муниципалдык кызматта иштегендер чыгат дешти.

"Коммуналдык кызматтар ишембиликке чыккандар тазалаган таштандыларды ташып кетип турмакчы. Бул иш-чарага бардык коммуналдык кызматтардын техникасы чыкты. Ал эми "Тазалык" ишканасы ишембиликке керектүү шаймандар менен камсыздап турмакчы", — деп айтылган маалыматта.

Бишкек мэриясы шаардыктар менен анын конокторун борбор калааны тазалоо иштерине активдүү катышууга чакырды.