БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Италиянын "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду журналистти туураганын Р-Спорт агенттигине шилтеме берип жазды.
Португалиялык спортчу камерага сүйлөп жаткан алып баруучуну байкап калып, аны туурап кирген.
Роналду Мадриддин "Реал" клубунан "Ювентуска" 10-июлда өткөн. 33 жаштагы футболчу үчүн италиялык клуб 100 миллион евро төлөп берген. Футболчу "Реал" клубунда 2009-жылдан бери ойноп, Чемпиондордун төрт лигасын, Испаниянын эки чемпионатын, дүйнөлүк үч клубдук чемпионатты жеңген. Ал эми Португалия курамасында жүрүп 2016-жылы Европанын чемпиону аталган.