Сал билек, таруу кууру. Балдар оюндарынын маани-маңызын билесизби?

Колумнист Шаакан Токтогул илим менен техниканын ири агымында жашасак да элдик оюндардын, анын ичинде балдар оюндарынын орду чоң экенин унутпасак дейт.
Sputnik

Тизгин жаяр

Шыбага, кешик, табак түптүн мааниси эмнеде? Ырымга жасалчу азыктар
Кыргызда тегин эмес деген кеп бар. Анын тереңинде баары жөн эмес, ар нерсенин киши жашоосунда өз орду, өз мааниси бар деген ой жатат. Ошонун сыңарындай байыркы кыргыз коомчулугунда балдар оюндары дагы баланын акыл-эс жана дене тарбиясында чоң мааниге ээ болгон. Ар бир оюн баланын жашына жараша ылайыкталган. Ошону менен катар баланын киши болуп калыптанышында өз пайдасын берген.

Сал билек

Бала кишиге карап үн салып калган кезинен баштап энеси же эжеси эки колун же эки бутун кармап алып ойноткон.

Сал-сал, сал билек,
Сары майга мал билек.
Кунан койду сой билек,
Куйругуна той билек — деп ырдалып, баланын буту-колун кыймылдатууга шарт түзгөн. Андан сырткары, баланы сүйлөшүүгө үйрөтүп, көркөм сөз өнөрүнө үндөгөн.

Таруу кууру, буудай кууру

Наристенин отуруп калган кезинен тартып ойнотулган. Баланын алаканынан башталып, билек өөдө моюнга чейин колду кыбыратып баруу менен ымыркайдын колдорунун сезүүсүн ойготууга эң жакшы жардам экендигин азыркы адистер белгилешет.

Упай чүкө шылдырак

Адамдын кандай экени сунган аякты алганынан билинип... Кымыз ичүү салты
Чүкө эркек баланын балалык жашоосунда чоң мааниге ээ болгон. Анткени балдар оюндарынын көбү чүкөгө байланган. Этнографтардын изилдөөсүндө чүкө оюндары эки жүзгө жакын. Анткен менен алардын көп бөлүгү муундан муунга уланбай унутта калган. Кыргыз баласы чүкө ойноп чоңойгон. Ошондуктан жаңы үй-бүлө күткөн жаш жубайлар баш кошкондон тартып эл коргогон эр уулдуу бололу деп ырымдап чүкө чогулта баштаган. Оюн самаган чүкөлөр уул чакырат дешкен. Кудай тилегин берип балалуу болуп, ал баласы бир жашка жакындап калгандан баштап териден чакан тулуп жасатып, ага чогулткан көп чүкөнү салып шылдыратып ойнотушкан. Бул азыркы заманбап шылдырактардын ордун басуу менен баланын сезиминде музыкалык угут боло алган.

Кан таламай

Канталамай экиден ашык балага ылайыкталып, алты-жети жаштан тартып ойноп башташкан. Биринчиден коомчулук менен мамилеге, экинчиден шамдагайлыкка, ыкчамдыкка, кылдат, кыраакы болууга тарбиялаган.

Топ таш

Жаңгактан кичирээк тоголок таштар менен ойнолуп кыздарды ыкчамдыкка, сезимталдыкка тарбиялаган. Топ таш ойноп чоңойгон кыздардын колу ийкемдүү болуп уз-саймачылыкка жол ачкан.

Тизгин жыяр

Көк боор жебейт, моюн мүлжүбөйт! Кыз балага карата 7 "болбойт"
Балдар оюндарын башталышынан гана кеп салдык. Калганынан кийинчерээк сөз кыларбыз. Менин айтаарым башка. Аксакалдардын биринен "илгери оюнубуз көп, оюнчугубуз жок заман эле, азыр оюнуңар жок, оюнчугуңар көп заманда жашайсыңар" дегенин уккам. Илим менен техниканын ири агымында жашасак да элдик оюндардын, анын ичинде балдар оюндарынын орду чоң экенин унутпасак…