Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусу 8 айда аткарган ишин президентке маалымдады

Фонддун арты менен интенсивдүү багбанчылык сыяктуу негизги багыттарды каржылоо көлөмү 12 пайызга өскөнү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусу үстүбүздөгү жылдын ичинде жалпы суммасы 28 миллион долларлык 1530 долбоорду бекитти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Режеп Тайип Эрдогандын сапары: кол коюлган документтердин тизмеси
Билдирмеге караганда, бүгүн, 13-сентябрда, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан. Ал 28 миллион доллардын 55 пайыздан ашууну өндүрүш жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге берилгенин маалымдады. Тагыраагы, сегиз айдын ичинде өлкөнүн региондорунда чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө 549 ишкана каржыланган. Анын 349 ишканасы — агрардык сектор.

Ал эми айыл чарба, айыл чарба продукциялары жана мал продукциясын кайра иштетүү, интенсивдүү багбанчылык сыяктуу негизги багыттарды каржылоо көлөмү 12 пайызга өскөнү айтылды.

"Региондор — өсүүнүн өзөгү" аттуу конкурс жарыяланган. Негизги басым айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жасалууда. Ошону менен бирге ишкерлерди кызыктыруучу механизмдер каралган. Мисалы, долбоор жакшы ишке ашырылып, ишкер кредитти өз маалында төлөсө, ар бир жылдын соңунда биз ишкерге төлөнгөн пайыздарынын теңине чейинки каражатты кайра кайтарып беребиз", — деди Асрандиев.

Ал ошондой эле фонд үч тармак — кылчык жүндүү кой-чарбачылыгы, интенсивдүү багбанчылык жана балык чарбачылыгын өнүктүрүү программасы боюнча иштеп жаткандыгын белгиледи.