Бишкектеги №10 троллейбустун каттамы узартылат

Байланыш жолу элдин өтүнүчүнүн негизинде курулууда.
Sputnik

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкекте №10 троллейбустун каттамы узара турганын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте №6 троллейбус жүрө баштады
Учурда Москва көчөсүнүн Фучиктен Интергельпого чейинки бөлүгүнө троллейбус зымдары тартылды. Анын узундугу 800 метрге жетет.

Буга чейин көптөгөн жарандар Троллейбус башкармалыгына кайрылып, маршрутту узартып берүүнү суранып келишкен. Буга Интергельпо көчөсүндө эки мектеп, Ленин райондук социалдык фонд жана башка мекемелер жайгашканы себеп болгон.