Суунун бетин бербейт го! Аңчылыкка чыккан дельфиндердин видеосу

Дельфиндер адатта топ-тобу менен ачык деңизде аңчылыкка чыгат, бирок жээкке жакын жайнап чыкканы сейрек көрүнүш деп жазган The Washington Post.
Sputnik

Окуя АКШнын Калифорния штатынын аймагында болгон.

"Бул суу жаныбары үй-бүлөсү же жакын жайгашкан тобу менен жүзгө жакын, андан да көбүрөөк болуп аңчылыкка аттанат. Бирок миңдеп чыкканы сейрек көрүнүш. Видеодо миңге чукул дельфиндерди көрүүгө болот", — деген видеонун автору Патрик Вебстер.

Ал YouTube каналына көптөрдү таңгалдырган мүнөттөрдүн көрүнүшүн жүктөгөн.

Буга чейин дельфиндерге байланыштуу жүрөк ооруткан окуянын, тагыраагы адистер деңизден желим баштыкты жутуп алган суу жаныбарын сактай албай калган учурдун видеосу чыккан.