Улуттук банк сомду "кармап турууга" 20 миллион доллар сатты

Дүйшөмбү күнү бир доллардын баасы 70 сомго жакындады.
Sputnik

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Улуттук банк дүйшөмбү күнү 19 миллион 650 миң доллар сатканы тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланды.

Доллардын баасы 70 сомго чукулдады
Өлкөнүн башкы банкы интервенцияга ар кандай себеп менен барат, анын ичинде валюта курсун турукташтыруу максаты да бар.

Кыргызстанда валюта курсу эркин, суроо жана сунуштун негизинде түзүлөт.

Жекшемби күнү бир АКШ доллары 68,54 сомдон алынса, 68,68 сомго сатылып жаткан. Андан соң 10-сентябрда сатып алуулар 69,65 сом, сатуулар айрым акча алмаштыруу жайларында 69,9 сомго жетти.

Август айынын башында доллардын куну жогорулап, айдын ортосунда 69,7 сомго чукулдап барып, кийин кайра арзандаган. Анда Улуттук банк 19 миллион доллардан ашык акча саткан. Август айындагы ал аракеттер өз кезегинде өлкө казынасынын алтын коруна да өз таасирин тийгизип, запас азайган.