Радио

Максутов: Көчмөндөр оюндарын сахналаштырууга үч ай даярдандык

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов аталган иш-чарага 1100 ыктыярчы кызмат кылганын айтты.
Sputnik
Максутов: Көчмөндөр оюндарын сахналаштырууга үч ай даярдандык

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын сахналаштырууга үч ай даярдык жүрдү. Бул тууралуу Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чарага башкы режиссерлук болуу милдети үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда жүктөлгөн.

"Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары белгиленген датада өтө турганы дүйнө жүзүнө 2017-жылдын 15-декабрында жарыяланды. Ошондон бери өкмөт тарабынан бардык министрликтерге тапшырма берилип, даярдыктар жүрүп баштаган. Мени башкы режиссер кылып 14-июнда дайындашты. Жалпы жонунан иш-чараны сахналаштырууга үч ай катуу даярдандык. Бул убакыт арасында жоопкерчиликти сезип, даярдык учурларын калтырбай келип берген 1100 ыктыярчыга өзгөчө ыраазычылык билдирем", — деди Максутов.

Ал даярдык иштери Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өткөндүгүн кошумчалады.