Оюндун шарты өзгөрбөсүн! Жээнбеков Жумабековду кабыл алды

Президент алдыдагы парламенттик шайлоодо эрежелердин туруктуулугун камсыздоонун маанисин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бардык өзгөртүүлөр шайлоого бир жыл калганда такталып киргизилип, кийин "оюндун шарты" өзгөрбөшү керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду кабыл алып жатып билдирди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө жолугушуу бүгүн өтүп, парламенттин кезектеги сессиясынын башталышына байланыштуу болгону айтылат.

1 / 2
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду кабыл алды
2 / 2
Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө жолугушуу бүгүн өтүп, парламенттин кезектеги сессиясынын башталышына байланыштуу болгону айтылат.

Жээнбеков Жогорку Кеңештин кароосунда биринчи кезекте карай турчу мыйзамдардын пакети бар экенин белгиледи. Өзгөчө республикалык бюджеттин кийинки жылга болгон долбоору, ошондой эле 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык маселелери боюнча өкмөттү мыйзам жагынан колдоо зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары президент алдыдагы парламенттик шайлоодо эрежелердин туруктуулугун камсыздоонун маанисин айтты.

"Бардык өзгөртүүлөр шайлоо дайындалган мөөнөткө бир жыл калганда такталып киргизилиши керек, кийин "оюндун шарттары" өзгөрбөшү кажет", — деп эске салды мамлекет башчысы.

Жээнбеков: Кытай менен кызматташууну мындан да өнүктүрүүгө даярбыз
Президент мамлекеттин өнүгүүсү жана кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртуу үчүн бийликтин бардык бутактары биргелешип иштеши зарыл экендигине токтолду.

Өз кезегинде Жумабеков парламенттин тармактык комитеттери жана депутаттык комиссиялары өз ишин баштаганын айтып, парламент Жогорку Кеңештин сессиясынын кийинки мөөнөтүнө даяр экенин билдирди.