Монтано: Шевченко калп айтат, оорудан бүк түшүп жаттым...

Мурдагы чемпиондун айтымында, алгач октябрь айында беттешкенге сунуш берген, бирок аны 8-сентябрга жылдырууга мажбурлашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Узаган ишемби күнү кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен беттешкенден баш тарткан UFC уюмунун мурдагы чемпиону Никко Монтано наамынан ажыраткан жетекчилик тууралуу үн катты. Бул туурасында MMA Fighting спорттук басылмасы жазып чыкты. 

Ишемби күнү Далласта (АКШ) боло турчу беттеш Монтано ооруканага түшүп калгандан улам болбой калган. UFC уюмунун дарыгерлери спортчу салмак түшүүрүүнүн айынан бөйрөктөрүн жабыркатып алган деген жыйынтыкка келишкен. 

"Дарыгерлер беттешке чыкпай туура кылгансың дешти. Эгер эрте чечим кабыл албаганда жүрөгүмө бир топ эле күч келмек экен. Организмде электролиттердин теңдештиги бузулуп, натрий көбөйүп кетиптир. Спорттук уюмда менден да чоң ката кетирип, моюн бербегендер толтура. Алар уюмга ири каражат алып келгендиги үчүн унчукпай жатышат да", — деди спортчу.

"Өзүмө таандык нерсени алам!". Шевченко каршылашын сындады
Мурдагы чемпиондун айтымында, алгач октябрь айында беттешкенге сунуш берген, бирок аны 8-сентябрда беттешүүгө мажбурлашкан.

"Мен октябрда октагонго чага алам десем, жооптон качып баш тартып коюшту да өздөрү каалаган убакты белгилешти. Арга жоктон жана Валентинанын интернетте менин изиме түшүп алгандан улам макул болдум", — деди Монтано.

Мушкер чемпиондук курун коргоо үчүн беттешпей калган атаандашы, кыргызстандык мушкер Шевченкону жалган маалыматтарды таратты деп күнөөлөдү.

"Менин аны менен беттешке келишим түзгөнүм эле чын болбосо, калганы карандай калп! Үч жолу беттешке даярданып убара тарттым дегени да жалган. Ал өзүнүн урматын көрсөтпөстөн, мелдешке аз калганда мени социалдык тармактан блоктоп салды. Бөйрөгүм ооруп жатканыма карабай мелдешкиси келди. Бул спорт чебери кыла турчу нерсе эмес", — деди мушкер.

Ошондой эле Монтано мунун баары куру сөз эместигин айтып, жакынкы күндөрү коомчулукка ооруганын тастыктаган документтерди алып чыгарын кошумчалаган.