БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Көк бөрү боюнча алгачкы Дүйнө чемпионаты 2019-жылы Өзбекстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү боюнча федерациясы Instagram баракчасына жазды.
Мындай чечимге 8-сентябрь күнү Ысык-Көлдө Көк бөрү федерациясы менен Өзбекстандын Спорт министрлигинин өкүлдөрү сүйлөшүп келишкен.
Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндарында өткөрүлгөн мелдеште Кыргызстандын курама командасы биринчи орунга ээ болгон.
Кылымдарды карыткан көк бөрү оюнунун кандайча ойнолору, кызыктуу фактылар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан таанышууга болот.