Доллардын баасы 70 сомго чукулдады

Американын акчасы өткөн аптадан бери кымбаттагандан кымбаттап келе жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бүгүн эртең менен жашыл акчанын наркы дээрлик 70 сомго жакындады. Бул тууралуу Valuta.kg порталынан билүүгө болот.

Адис: Түркия менен соода-сатыкты рубль менен жүргүзүү пайдалуу
Өткөн аптада АКШ акчасын 68,54 сомдон сатып алып, 68,68 сомго сатып жатышкан. Ал эми бүгүн 10-сентябрь күнү сатып алуулар 69,65 сом, сатуулар айрым акча алмаштыруу жайларында 69,9 сомго жетти.

Улуттун банк доллар курсун ооздуктоо үчүн аракет көрө элек.

Август айынын башында доллардын куну жогорулап, айдын ортосунда 69,7 сомго чейин жетип, андан соң арзандай баштаган болчу.