Шумдугуң кур! Акуланы транска киргизген дайвердин видеосу

Багам аралында дайвер жер бетиндеги эң коркунучтуу акуланы транс абалына киргизген.
Sputnik

Социалдык тармактарга тараган видеодо аквалангистке акула сүзүп келгенин көрүүгө болот. Эң кызыгы дайвер жырткычка колун тийгизип, транска киргизген. Андан соң акуланын башын жерди каратканда ал өзүнө келе калып, ары сүзүп кеткен.

Жабыла минип алышканбы? Дайверлердин суу түбүндөгү жоругу видеодо
Айрым ЖМКлар дайвер акуланы танатоза абалына түшүргөндүгүн жазып чыгышууда. Айрым жаныбарлар коркунуч жаралганда ушундай абалда өлүп калгандай түр көрсөтүшөт.

Бирок адистер акула транс абалына түшпөй эле тасма жайлатып көрсөтүлгөндүгүн белгилешүүдө.

Тартылып алынган акула жер бетинде кеңири тараган жана эң коркунучтуу деңиз жандыктарынын бири. Буга чейин аларды колго түшүрүп сойгон маалда анын ичинен адамдын дене мүчөлөрү чыккан учурлар болгон.

Буга чейин интернет айдыңына акулага тамак берем деген турист колунан айрылып кала жаздаган видео да тараган.