Эмне деген улакчылар, эмне деген аргымактар! Кыргыз-өзбек таймашынан сүрөттөр

Sputnik

Өзбекстан командасынын жетекчиси: Казакстанды жеңгенибиз көк бөрүгө чоң жарнама болду
Быйылкы оюнда көк бөрүнүн тарыхына бурулуш жасалып, Казакстандын командасы финалга жете алган жок. Жарым финалда эле намысты колдон чыгарып, Өзбекстанга утулуп калган. Бирок Кыргызстандын улакчыларына өзбекстандыктар туруштук бере албады. Жергиликүү оюнчулар алкынган аргымактары менен оюн талаасын айлана чаап атаандаштарынын айласын кетирди. Кыргызстандык оюнчулар тай казанга улак менен кошо ыргып түшүп, жерден заматта эңип кетип, айтор, мыкты оюн тартуулашты. Балбандар 35 килограммдык улакты топ ыргыткандай эле бир колу менен көтөрүп барып тай казанга салып жатты. Баса, биринчи бөлүгүндө Нуржан Мелисбек уулу тай казанга урунуп жыгылып медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин кайра оюнга чыкты. 

Натыйжада Кыргызстандын көк бөрү командасы өзбекстандык улакчыларын 32:9 эсеби менен жеңип, Көчмөндөр оюндарынын үч жолку чемпиону аталды.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешине 11 команда катышты. Баш байгеге 3 миллион, экинчи орунга 1,5 миллион, үчүнчү орунга 1 миллион, төртүнчү орунга 500 миң сом ыйгарылды. 

Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.

1 / 14
Быйылкы оюнда Казакстандын командасы финалга чыга алган жок. Алар жарым финалда намысты колдон чыгарып Өзбекстанга утулуп калган
2 / 14
Өзбекстан улакчылары болгон күчүн чогултуп ойноп жатышты. Бирок Кыргызстандын командасы менен тең тайлашууга чамасы жетпеди
3 / 14
Кыргыз көк бөрүчүлөрү болсо тай казанга улак менен кошо ыргып түшүп, жерден заматта эңип кетип, айтор мыкты оюн тартуулашты
4 / 14
Өзбекстандын тай казанына үстөккө-босток улак таштала берип коноктордун шаштысы кетти
5 / 14
Ошентсе да 9 улак салууга жетишти. Деген менен алар Казакстанды артта калтырып, экинчи орунду алганына абдан кубанып турушат.
6 / 14
“2020-жылы Түркияда өтчү Көчмөндөр оюндарына өз аттарыбыз менен катуу даярданып барабыз” - деди Өзбекстан командасынын улакчысы Избасор Азимов
7 / 14
Биринчи улакты ыргытып, артынан өзү тай казанга сальто жасап түшүп калган Манас Ниязов. Арымагы “Бойканын” турганын караңызчы, эстүүлүк жаныбар! Ээси тай казандан кайра качан чыгарын күтүп турат.
8 / 14
Өзбек көк бөрүчүлөрүнүн уюштуруучулар тарабынан алган аттары Кыргызстандын команданын аргымактарына тең келе албады. Топту жармак тургай, артынан кууп жетпей калган.
9 / 14
Балбандар 35 килограммдык улакты бир колу менен көтөрүп барып тай казанга топтой кылып ыргытып жатышты
10 / 14
Мелдеш Чолпон-Атадагы ипподромдо өтүп, эл жыкжыйма болду. Көрүүчүлөр улакчыларга дем берип, кызыл желекти булгалап, “Кыргызстан, Кыргызстан” деп кыйкырып-сүрөп турушту
11 / 14
Эки жактан келген атаандашынан кутулуунун амалын издеп жаткан Рустам Тыналиев
12 / 14
Сейитбек Анарбек уулу “Кара-Кушу” менен чаптырып келип улакты алыстан ыргытты го, чиркин...
13 / 14
Натыйжада Кыргызстан 32:9 эсеби менен Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду. Кубанычы койнуна батпай эл алдында желекти булгалап бара жаткан улуттук курама команданын жетекчиси Мыктыбек Туташев.
14 / 14
Баш байгеге 3 миллион сом ыйгарылды. Сыйлыкты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тапшырды.